Биз менен байланышыңыз

Эми жарандар бир нече документти бир жерден алат

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 569 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-октябрда Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборуна барып, анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, документтерди берүү процесси, жарандарды тейлөө тартиби жана көрсөтүлө турган кызматтардын түрлөрү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин раймий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо алкагында президенттин тапшырмасы менен ачылды.

“Бирдиктүү терезе” принциби киргизилип, эми жарандар зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара болбойт. Системанын киргизилиши менен маалымкаттарды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот.

Жээнбеков жарандардын бийликке болгон ишенимин жогорулатуу үчүн мындай системаны бүткүл республика боюнча киргизүү керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борбору

  • адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы-тартылбаганы,
  • өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу маалымкаттарды;
  • апостилди;
  • кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын;
  • автомобиль транспорту менен кооптуу жүк ташыганга уруксат кагаздарды;
  • жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүү кызматтарын көрсөтөт.

Кошумчалай кетсек, борбордо төлөмдөрдү кабыл алуу пункттары жана электрондук кезек аппараты орнотулган. Күнүгө маалымкат алуу максатында ИИМге 400дөн 700гө чейин адам кайрылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM