Биз менен байланышыңыз

Курманбеков: Бишкекте 679 пенсионер жалгыз жашайт

Пикирлер | 26 Окт 2018 | 624 | 0

Борбор калаада  679 пенсионер жалгыз жашайт. Аларга 84 социалдык кызматкер жардам берет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шаар боюнча 83 миң пенсионер бар.

«Шаардагы эки интернаттык мекемеде 240ка жакын карыялар жашайт. Бишкек шаардык геронтологиялык борборунда жыл сайын 1 миң улгайган адамдар бир айлык мөөнөттө эс алып кетет. Медициналык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилет. Райондук башкармалыктар боюнча бул борборго атайын жолдомо берилет», — дейт Курманбеков.

Ал кошумчалагандай, былтыр үй-бүлөлүк зомбулуктан 43 бала жабыр тартса, быйыл он айда 30 факты катталган.

«Мындай балдарга жардам көрсөтүүчү борбордо 22-октябрда жаңы бөлмө ачылды. Алар менен психолог, социалдык кызматкерлер иш алып барып, реабилитациялык жардам көрсөтүлөт. Балдарды асырап алуулар аз болуп жатат», — дейт Курманбеков.

Маалым болгондой, Бишкекте балдар үчүн 3 реабилитациялык борбор бар. Анда 4-18 жаш курактагы балдар тарбияланат. 18 жашка толгондо убактылуу баш калкалоочу жайга которулат.

«Азыр ал жайда 30дан ашуун бала бар. Келгендердин өздүк документи калыбына келтирилет. Окууга тапшырып, иштесе болот. Жатаканага жайгаштыруунун көп критерийлери бар. Алсак, бала интернаттын бүтүрүүчүсү болушу керек», — дейт Курманбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM