Биз менен байланышыңыз

Курманбеков: Шаарда социалдык үйлөр курулбай жатат

Пикирлер | 26 Окт 2018 | 566 | 0

Борбор калаада социалдык үйлөр курулбай, мэрия аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мүмкүнчүлүгүнө жараша шарт түзүп келе жатат. Мындай пикирин Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык мамлекет интернаттын бүтүрүүчүлөрүн үй менен камсыз кылышы керек. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам бул мыйзам ишке ашпай келет.

«Аз камсыз болгон ар бир үй-бүлөдөн квартал сайын маалымат алып турабыз. Эгер майыптар кайрылса, кызматка орноштуруу боюнча жардам беребиз. Иш берүүчүлөр менен тыгыз иштеш керек», — дейт Курманбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM