Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 1-ноябрдан тарта убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылат

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Окт 2018 | 757 | 0

Бишкекте 1-ноябрдан тарта убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, убактылуу баш калкалоочу жайлар 5 ай иштейт.

Мындан сырткары Коломто борборлору жыл боюу иштейт. Ал 70 кишиге ылайыкталган. Алдыңкы убакытта үйсүз жарандар үчүн өзүнчө борбор курулуп, алардын өздүгүн тактап, документин калыбына келтирип, кайра коомго аралаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү пландалууда.

Маалыматка ылайык, турак жайсыз, көчөдө жашаган адамдардын арасында 20-30 жаш курагындагы жарандар да кездешет. Ал эми 2017-жылкы маалыматтар боюнча үйсүз жарандын саны 328ди түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM