Биз менен байланышыңыз

Иса Өмүркулов «КСДП Атамбаевсиз» ураанын колдогону айтылды

Саясат | 25 Окт 2018 | 752 | 0

Жакында эле Ысык-Көлдө «КСДП Атамбаевсиз» аталышындагы жыйын өткөн. Ага 150-200 киши чогулган.  Ушундай эле жыйындар мурда да Кыргызстандын башка аймактарында өтүп келген. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядан чыгаруу демилгеси тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарынын ой-пикирлерин угуп көрдүк.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов «КСДП Атамбаевсиз» урааны менен аймактарды кыдырып жүргөн активисттер менен жолукту. Бул тууралуу активисттердин бири Сагынбек Абдрахманов билдирди.

-Жаңы шайланган координаторлорду Иса Өмүркулов жакшы кабыл алды, ачуу чындыктар айтылды. Иса Өмүркулов «КСДП Атамбаевсиз» ураанын колдоду. Жолугушууда Атамбаевдин кадр саясатындагы кемчиликтери, партияны ээлеп алганы, коррупция, ЖЭБ маселелери сүйлөшүлдү. Жолугушууга экс-депутат Данияр Тербишалиев да катышты.

Бул маселе боюнча КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен байланышууга мүмкүн болгон жок.  Ал эми КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева акыркы болуп жаткан процесстерди партиянын айланасында дайыма чыккынчылар менен душмандар болуп келгени менен түшүндүргөн. Жолдубаева партияны бөлүштүрүүгө кызыкдар адамдар бар экенин жана алардын колунан эч нерсе келбей турганын билдирди.

КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев өткөрүлүп жаткан жыйындарды көнүмүш адат катары баалады. Бирок партиянын көпчүлүк мүчөлөрү добуш менен Атамбаевди партиядан чыгарса, анда мыйзамдуу болуп эсептелерин билдирди.

-Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу саясий кеңештин укугу. Ал эми өткөрүлүп жаткан жыйындар партиянын уставынын чегинде мыйзамдуу өткөрүлүп жатса, анда көнүмүш эле көрүнүш. Себеби союз убагынан бери келе жаткан партиялар лидерлерин которгондор болгон. Ошондой эле, саясий кеңештин мүчөлөрүн алмаштырышкан. Атамбаевди партиядан чыгаруу маселеси  съездде мүчөлөрдүн добуш менен чечилет. Эгерде көпчүлүк демилгени колдосо партиядан чыгарылып калат.

Ал эми аталган эле фракциянын дагы бир депутаты Рыскелди Момбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу демилгесине каршы. Анын пикиринде, Атамбаев жакшыбы же жаманбы партияны түптөгөн киши. Аны партиядан чыгаруу чыккынчылыкка жатат.

-Биз Атамбаевди партиядан чыгарып коюшубуз мүмкүн. Бирок тарыхтан чыгарып коё албайбыз. Тарыхты жулмаласа болот, бирок бурмаласа болбойт. Ал кишини партиядан чыгаруу тарыхый чоң ката болот. Анткени партиянын азап-тозогуна күйүп, кыйынчылык күндөрү партияны таштабаган кишини бүгүн «партияны таштап чыгып кет» деген чыккынчылык. Партияны түптөгөн кишини күч менен чыгаруу акылсыздык жана алсыздык.

Депутат Абдывахап Нурбаев болсо жогоруда көтөрүлүп жаткан демилге тууралуу пикирин айтуудан карманды.

-Азыр бир нерсе деп айтуу кыйын. Жыйынды кандайдыр бир адамдар өздөрүнүн демилгеси менен өткөрүп жатат. Балким, партиядан чыгаруу каалоолору бар го дейм.

Эл өкүлү Дастан Бекешев партия бир гана адамга тиешелүү болбошу керектигин айтып, жалпы мүчөлөрдүн да кызыкчылыгы каралууга тийиштигин билдирди.

-Партиялардын мүчөлөрү чогулуп жыйын өткөрүүгө укуктуу. Бирок мыйзамга ылайыктуу өткөрүлүп жатканына кароо керек. Партияны Атамбаев түптөгөн. Мүчөлөр бар болгондон кийин алардын да пикирлери башкача болушу мүмкүн. Келечекте Кыргызстанда партия бир эле адамга тиешелүү болбой турган кылуу керек.

КСДП фракциясынын депутаты Автандил Кулбараков партиядан Алмазбек Атамбаевди чыгарууну көпчүлүк колдоп жаткандай сезет. Бирок чечимди съездде саясий кеңеш менен делегаттар чечерин кабарлады.

-«КСДП Атамбаевсиз» деген ураан менен жыйын өткөрүп жаткан партия мүчөлөрүнүн таасири чоң эле. Бул ураанды бардык жерде колдогондой болуп жатышат. Эгерде съездде демилге колдоо тапса, анда партиядан чыгып калат да. Колдобосо чыкпайт.   

Белгилей кетсек, Сагынбек Абдрахманов «КСДП Атамбаевсиз» деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарында жыйындарды өткөргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM