Биз менен байланышыңыз

Назаров: Быйыл айыл чарбасы үчүн жакшы жыл болду

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2018 | 571 | 0

Быйылкы жыл айыл чарбасы үчүн жакшы жыл болду. Себеби түшүм мол алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Пияз, картошка, буудайдын түшүмү жакшы. Бирок атаандаштыктын айынан дыйкандар азыктарын сата албай жатат. Анын үстүнө биз айыл чарбасын жакшы колдой албай жатабыз. Бул мамлекеттин бюджетинен да көз каранды» — дейт Назаров.

Эл өкүлү Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүндө жылыш жок экенин, азыркы министрди гана күнөөлөөгө болбой турганын белгилейт.

«Министрлик дыйкандарга азыкты канча көлөмдө эгиши керек экенин айтышы зарыл эле. Алсак, азыр айрым жерлерде сарымсактын баасы 10 сомго түштү. Убагында айтып түшүргөндө мындай болмок эмес. Дыйкандын азыктарын сатуусуна шарт түзүү өкмөттүн иши», — дейт эл өкүлү

Назаров белгилегендей, майда чарбалар эч качан чет өлкөгө чыга албайт. Андыктан дыйкан чарбаларды ирилештирүү зарыл. Мындан сыркары ортомчулар дыйкандардан да көп чыгууда. Аларды жок кылган механизм керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM