Биз менен байланышыңыз

Исаков Айыл чарба министрлигин сынга алды

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Окт 2018 | 652 | 0

Жерлерди жарандарга өткөрүп берген менен Айыл чарба министрлигин башкаруу системасы СССР убагындагы бойдон калып калган. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эсенгул Исаков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дыйкандар жыл сайын жемиштерин сатууда кыйналат. Алардан арзан баада алып, соодагерлерге кымбат саткан ортомчулар арбын. Айыл чарба министрлиги ортомчу маселесин жөнгө салып, тейлөө кызматын түзүшү керек.

«Айыл чарба министрлигин адистиги туура келген кызматкер жетектеши зарыл. Кыргызстан парламенттик-президенттик республика болгондуктан, өкмөт өлкө башчыны картошканын баасына аралаштырбай чечиши керек болчу. Министрлер чет өлкөгө барып тажрыйба алмашып келишет. Кана иштегени?», — дейт Исаков.

Ал өлкө ЕАЭБдин талабында атаандаштыкка туруктуу азыктарды өндүрө аларын айтат.

«ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөр биздин рынокко продукцияларын киргизип жатат. Бирок биз аларга чыгара албай жатабыз. Мунун баарына Айыл чарба министрлиги күнөөлүү. Биз өкмөттү күнөөлөсөк да, ал министрдин сазайын берет», — дейт Исаков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM