Биз менен байланышыңыз

Бакир уулу: Эч ким мендей акыйкатчы болуп иштей алган жок

Пикирлер | 24 Окт 2018 | 696 | 0

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун «Ак Жол» партиясы аркылуу акыйкатчы болуп бийликке келген. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ошол учурда бийликке күчтүү акыйкатчы керек болгон эмес.

«Ошондуктан Турсунбек Акундай жумшак акыйкатчыны алып келишкен. Кийинки акыйкатчыларды да бийлик шайлап жатты. Ал эми мен бийликтин эркине каршы шайланганмын. Эч ким мендей акыйкатчы болуп иштей алган жок. Биз чет өлкөдөгү кыргыздардын да укугун коргочу элек», — дейт Бакир уулу.

Ал акыйкатчылыкка талапкерлигин көрсөтпөгөнүнүн эки себебин айтып өттү.

«Мурда акыйкатылыкка татыктуу эмес адамдар өтүп кетпесин деп алардын добушун алыш үчүн атайын талапкерлигимди коёт элем. Экинчиден, 2010-жылы эле референдумга каршы оюмду айтканмын. Азыр да ошол пикирдемин. Себеби Кыргызстанга партиялык система жарабайт. Анкени ал жамааттык жоопкерчиликсизди пайда кылат», — дейт Бакир уулу.

Ал белгилегендей, партиялар маанилүү кызматтарды бөлүшүп алып, өздөрүнүн адамын бекитип жатат. Мындан улам Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл.

Бакир уулу 1993-жылы жазылган Баш мыйзамды мыкты деп, өлкө кайра ошол Конституция кайтышы зарыл экенин айтты. Ошондой эле бул маселе боюнча социалдык желелер аркылуу президентке кайрылганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM