Биз менен байланышыңыз

Бакир уулу: КСДП президентке тоскоол болуп жатат

Пикирлер | 24 Окт 2018 | 498 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, президентке КСДП тоскоолдук жаратпаса, мындан көп иштерди жасамак. Мындай пикирин экс-депутат “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, КСДП билдирүү жасап же адамдары аркылуу өлкө башчыга тоскоолдуктарды жаратууда.

«Президент коррупционерлерди камаганда, ага кысым башталды. Байкасаңар, азыр бул реформа токтоп калды. Эми президент Сооронбай Жээнбеков «мени эл шайлаган, КСДПдан эмесмин» деп аталган партиядан толук баш тартышы зарыл», — дейт Бакир уулу.

Ал буга кошумча, Конституция канча өзгөрсө да парламент президентке көз каранды болорун белгиледи.

«Президент баары бир үстөмдүк кылат. Ошондуктан мамлекеттик башкарууну өзгөртүү зарыл», — дейт Бакир уулу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM