Биз менен байланышыңыз

Бакир уулу: Кийинки президенттик шайлоого да аракет кылам

Пикирлер | 24 Окт 2018 | 1259 | 0

Мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу кийинки президенттик шайлоодо ат салышуу ниети бар экенин айтты. Мындай пикирин өзү “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Президент болсом ишке ашырчу программам, мени колдогон шайлоочуларым бар. 2005-жыл жеңиш мен тарапта эле. Бирок БШК шайлоо баракчаларын Курманбек Бакиевге салып берди. Аны өздөрү да моюнга алды», — дейт Бакир уулу.

Ал учурда «Эркин Кыргызстан» партиясынын төрагасы катары алдыдагы шайлоого даярданып жатканын билдирди.

«Эл акчага айланбайт деген үмүт бар. Акча талап кылынбаса парламентке өтөбүз», — дейт Бакир уулу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM