Биз менен байланышыңыз

Зулушев: Парламент чечкиндүү позициясын көрсөтө албай келет

Пикирлер | 24 Окт 2018 | 509 | 0

Парламент чечкиндүү позициясын көрсөтө албай келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламент укуктарын толук пайдалана албай жатат.

«Андыктан мамлкеттик башкарууну өзгөртүү зарыл. Болбосо башаламандык улана берет. Азыр президенттик-парламенттик башкаруу болуп, аралаш болуп жатат. Эгер парламенттик өлкө болсок бардык бийлик премьер-министрдин колуна өтөт», — дейт Зулушев.

Эл өкүлү буга кошумча парламентте 120 депутат көптүк кыларын белгиледи.

«Депутаттардын санын 90го түшүрүү зарыл. Бул Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен ишке ашат», — дейт Зулушев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM