Биз менен байланышыңыз

Зулушев: Президенттин да айрым укуктары өзгөрүшү мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Окт 2018 | 713 | 0

Коомчулук мыйзамдар президенттин администрациясынын буйругу менен кабыл алынат деген түшүнүккө көнүп калган. Бирок «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгаргандан бери бир да бийлик органы кийлигишкен эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Парламенттин мыйзамды кабыл алууга эрки жетет. Депутаттардын реакциясын байкаган жокмун. Президент да, өкмөт да, депутатар да токскоолдук жаратпайт», — дейт Зулушев.

Эл өкүлү кабыл алынган мыйзам кызматтан кеткен бардык президенттер үчүн иштеши зарыл экенин айтып, анда 12 беренеге өзгөртүү киргизилерин белгилейт. Алсак, азыркы президенттин да айрым укуктары тууралуу өзгөртүүлөр бар. Себеби учурда экс-президенттер коргоосуз. Мыйзам кабыл алынса, алар айрым жагдайлар боюнча корголуп калышы мүмкүн. Мыйзам ушул жылдын декабрь айларында кабыл алынып бүтүп калат.

Белгилей кетсек, Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде гана экс-президент статусу бар.

Буга чейин парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугун азайтып, аны депутаттыкы менен теңдештирүүнү караган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү сунушташкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM