Биз менен байланышыңыз

Социалдык тармак менен сырдашкандар

Коом | 23 Окт 2018 | 926 | 0

Социалдык түйүндөр азыркы күндө айрымдар үчүн жумушка курал, айрымдар үчүн курдаш, сырдаш. А сиз үчүн кандай? Анткени психологдордун айтымында биз колдонуп жүргөн социалдык түйүндөр адам баласынын өзүнө баа берүүсү менен (башкача айтканда лайктар, комментарийлер менен) аны көтөрөт же тескерисинче бирөөлөр менен салыштырып отуруп, депрессияга учуратат. Анан калса, өмүрүңүздө көрбөгөн адамдын кайгы-муңун, күнүнө жок дегенде бирден чыгып турган негативдүү кабарын окуганыңыз сиздин психикаңызга терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бүгүнкү күндө социалдык баракчалар тууралуу билбеген жан жок болуш керек. Жада калса, бир эле киши бир канча баракча ачып, жашоо чындыгы виртуалдык дүйнө менен байланышып калгандай.

Акыркы учурда коомчулуктагы агрессия, психологиялык оорулардын көбөйүшүнүн дагы бир себеби ушул тармак менен түздөн-түз байланыштуу дешет психологдор. Маселен, сен эч качан көрбөгөн, бирок социалдык түйүндөрдө дос болгон колдонуучунун маанайы менен тең бөлүшүп, ал менен кошо кайгырып же кубанган заман.

Өзүн Рахат деп тааныштырган Бишкек шаарынын тургуну социалдык тармактарды көпчүлүк учурда маанайын бөлүшүү үчүн колдонот. Өзгөчө терс маанайын. Анын оюнда жаныңда уга турган кишиң жок болгон үчүн социалдык тармакка жазуу аны кыйла жеңилдетет.

Көбүнчө социалдык түйүндөрдү терс маанайымды жеңүү үчүн колдоном. Ичимдеги бугумду чыгарып жазгандан кийин жеңилдеп калам. Өзгөчө комментарийлер жазылганда.

Ал эми Зарина бош убактысынын көпчүлүгүн социалдык түйүндөрдө отуруу менен өткөрөт. Көпкө колдонуу зыян экенин билип турса да, адатынан арыла албай жүрөт. Өзгөчө бул социалдык тармактар ал үчүн жалгыздыкта бир заматта көп дос, колдоочу таап бере калат.

-Бирөөгө ачуулансам дароо эле жазам. Бирок ошону жазган адам түшүнсөчү. Кээде аны көрбөйт деле. Жакындарың колдоп жазса сүйүнүп, дем күч алып алам. Жеңилдегенсип калам.

Биздин сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү социалдык тармактарды көбүнесе ички сезимдерин, ой-толгоосун бөлүшкөн адатка айлантканын моюнга алышты. Өзгөчө кыздар. Ал эми мырзалар социалдык тармакты көбүрөөк маалымат алуу үчүн колдонушарын айтышат. Бирок айрым учурда сезим бөлүшүү үчүн колдонгондор да бар.

Айрым учурда жиниң келсе аны өзүнө айта албай ар кандай цитаталар менен жарыя кыласың.

-Андайлар бар. Жүзүнө айта албаганы үчүн статусуна жазат. Тиешелүү кишиси ошол жерден көрүшү мүмкүн. 

Психологияда интернетке, социалдык түйүндөргө ашыкча берилүү убакыт өткөн сайын көз карандуулукту пайда кылып, психикалык саламаттыкка доо келтирилери аныкталган. Айрым изилдөөлөргө таянып айта турган болсок, кээ бир социалдык түйүндөр адамдын психикасына таасир берип, депрессияны пайда кылат. Өзгөчө өзүнө баа бере албагандар салыштыруу менен жашап, өзгөлөрдүн виртуалдык жашоодогу чындыгы ага терс таасирин тийгизиши ыктымал деген бүтүмгө келишкен. Ал эми Республикалык психикалык ден соолук борборунун директору Ураимжан Исмаиловдун айтымында, Японияда интернетке болгон көз карандуулуктан жаңы оору пайда болду. “Анын таасири бизде байкалбаса да, коркунучу бар”,- дейт дарыгер.

Медицинада мындай оору бар экени расмий таанылды. Японияда болсо Кикимакару деген оору пайда болду. Буга чалдыккан адамдар күнү-түнү интернетке байланып, ошол менен жашап калышат. Ошонун негизинде адамдар 32 жаштан ашпай каза болушууда.

Маалыматка ылайык, биринчи социалдык тармак 1995-жылы АКШда пайда болгон. Ал мектеп окуучулары жана студенттерге арналып “Classmates” деп аталган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM