Биз менен байланышыңыз

Карапайым эл шайлоо учурунда эле керекпи?

Айылдан сүйлөйбүз | 23 Окт 2018 | 13986 | 0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Бишкек шаарынын Ак-Босого жаңы конушундагы жер маселеси тууралуу сөз кылдык. Берүүнү Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Ак-Босого жаңы конушундагы Алмаз мырза:

Жерибиз басылып алынганы боюнча маселе насыяга акча алалы деп жатканда чыкты. Бул биз үчүн чоң жаңылык болду. Анткени ушул убакытка чейин эч ким бул тууралуу айткан эмес эле. Болбосо 1992-жылдан бери ушул жерде жашап, тийиштүү салыктардын баарын төлөп келебиз. Шайлоо учурунда «добушуңду берип кой» деп чуркап келишет. Ал эми башка убакта кабар да алып коюшпайт. Эмне шайлоо болбогон учурда эл каралбай калышы керекпи? 

Ошондой эле Рахат Сатыбалдиев деген досумдун да жерин да башка бирөө талашып жатат. Болбосо досум ал жерде 20 жылдан бери жашап келет. Бул — мамлекет жарандарды ойлобойт дегенди билдирет. Жарандарга эскертүү берилбей эми минтип жер талашып жүрүшөт. Анда айыл өкмөт башчылары эмнеге иштеп жүрөт? Мен биздин аймактын айыл өкмөтүнүн ишине нааразымын. 2016-жылы жерибиз басылып алынганы боюнча сотко кайрылдык. Ал үчүн дагы өлкөдөгү бюрократиянын айынан документ чогултууга эле 2-3 ай убакыт кетти. Ал учурда курулушту токтотуп күтүп отурдук. Убактыбыз, каражат кетти. Биз сыяктуулардан 500дөй үй-бүлө бар. Жерлерди тартып алуу боюнча аймактык муниципиалдык башкармалыктарга кайрылган жокпуз. Алар иштебегендиктеп ким экенин деле билбейбиз. 

№16 аймактык муниципалдык башкармалыгынын башчысы Талант Музуркулов:

Жерлерди басып алуу көрүнүшү жок. Мындай факты катталса жаран мыйзам чегинде бизге кайрылышы керек. Биз өзүбүздүн кеңештерибизди беребиз. Жерди басып алуу фактысы орун алса сот териштирет. Бизге кайрылгандарга юридикалык жардам берүүгө аракет кылабыз. Рахат Сатыбалдиев маселеси боюнча бизге документтерин алып кайрылса карайбыз.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев:

Жер ээлери бир жерди үч адамга сатып жиберген учурлар болууда. Жарандар ишеним кат менен эле жер сатып алышкан. Азыр көп жерлердин трансформациясы жок. Мындай жерлерди кызыл китеби болбойт. Эгер жаран жерди сатып алып жатканда акимиятка кайрылса аймактык муниципиалдык башкармалыктар жер боюнча жаралган маселелерге жооптуу болмок. Бүгүн көпчүлүк жарандар жерлерди тааныштары аркылуу алат дагы кандайдыр бир маселе жаралса «бизге эч ким айткан эмес «деп чыгышат. Алардын жер алып жатканын эч ким билбейт. Басылып алынган жерлерге чекитти сот коёт. Чечимди сот кабыла алат. Депутаттар жардам бергенге даярбыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM