Биз менен байланышыңыз

Казакстан Кыргызстанга бензин экспорттойт

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 650 | 0

Казакстан мамлекети Кыргызстанга бензин экспорттойт. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда өкмөт жыйынында энергетика министри Канат Бозумбаев билдирди.

Анын айтымында, министрлик тарабынан тиешелүү документтер Кыргызстанга жиберилген. Бул маселе 2-3 аптанын аралыгында чечилет.

Ошондой эле, министр Кыргызстанга бензин базар баасында, партия түрүндө 10 миң тоннанын тегерегинде бөлүнүп жиберилерин кошумчалады.

Учурда Казакстанда күйүүчү майдын баалары төмөндөгүдөй:

Бензиндин түрү:

Баасы:

АИ-92

153-155 теңге

АИ-95

169-177 теңге

АИ-98

189-196 теңге

 

Copyright © 2017 Maral FM