Биз менен байланышыңыз

Роналду: Чындык баары бир ортого чыгат

Кыска кабар , Спорт | 23 Окт 2018 | 838 | 0

Италиянын “Ювентус» клубунун чабуулчусу португалиялык Криштиану Роналду өзүнө тагылган айып боюнча үн катты. Аталган клубдун пресс-конференциясында сөз сүйлөгөн оюнчу ага тагылган айып жалган жана чагым экенин билдирди.

“Мени бул жагдай коркуткан жок. Себеби мен тазамын. Мындай ыплас ишти менин атымды колдонгусу келген бирөө чыгарып, көө сүйкөп жатат. Бирок мен дагы, жактоочуларым дагы соттук иште жеңерибизге 100% ишенебиз. Себеби акыйкат сөзсүз ачыкка чыгат”,-деп айтты Роналду.

Ошондой эле ал үй-бүлөсү, балдары жана ага кам көргөн жакындары бар экени аны бактылуу кылып, мындай жалааларга каршы туруусуна колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, америкалык аялдардын чыгарган “Mee too” социалдык акциясынын алкагында аялдар белгилүү адамдардан көргөн жыныстык кордуктарын айтып чыгышкан. 34 жаштагы бир аял дагы мындан 9 жыл мурун Лас Вегаста атактуу футболчу Криштиану Роналдунун мындай мамилесине кабылганын жарыялаган. Маалыматтын негизинде футболчуга Лас Вегас соту кылмыш ишин ачкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM