Биз менен байланышыңыз

Султаналиев: Кыргызстандын ГЭС курууга мүмкүнчүлүгү бар

Без рубрики | 23 Окт 2018 | 594 | 0

Кыргызстандын ГЭС курууга өзүнүн мүмкүнчүлүгү бар. Мындый пикирин КРнын Эмгек сиңирген энергетиги Мырзатай Султаналиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгер өкмөт жергиликтүү инвесторлорго шарт түзүп берсе, 4 эмес бир нече ГЭСтерди курууга болот. Ага потенциал бар.

«Эгер каражат бар болсо, бир ГЭСти 3 жылда курса болот. Инвестордун келиши электр энергиянын тарифине да байланыштуу. Анткени ар бир инвестор каражатын кайтарып алышы керек. Бирок биздеги негизги маселе инвесторлор жакшы тандалбай жатат», — дейт Султаналиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM