Биз менен байланышыңыз

Артыкбаевдин саламаттыгы начарлап, тез жардам чакырылды

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 528 | 0

“Коррупция” боюнча айыпталып тергөө абагында жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин саламаттыгы начарлап, тез жардам унаасы чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Маралга” тастыктады.

Анын айтымында, Артыкбаевге тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлдү, учурда абалы туруктуу. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ушул жылдын июль айында Осмонбек Артыкбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу абактан Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна чыгарылган. Кийин кайра Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына которулган.

Ал «Коррупция» беренеси боюнча айыпталып, 5-июнда камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM