Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 417 автобус болсо, анын 110у гана каттайт

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 741 | 0

“Бишкектин жүргүнчү автотранспорту” муниципиалдык ишканасында 470 автобус болсо, азыр анда 417си гана калган. Ал эми калкты тейлегени күнүнө орто эсеп менен 110 гана автобус чыгат. Бул тууралуу  аталган ишкананын жетекчиси Бакыт Темикеев мэриянын жыйналышында айтты.

Анын айтымында, андагы 3 автобус сатылып, ал эми 50 автобус тизмеден өчүрүлгөн.

Шаар мэри Азиз Суракматов эски автобустардын ким сатып алганына кызыкты.

Анда Темикеев алгач 3 автобус реализацияга берилип, андан соң гана сатылган. Ал эми 50 автобус иштебей, кузовдору гана калганын билдирди

 

 

Copyright © 2017 Maral FM