Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору бириктирилет

Ден соолук | 22 Окт 2018 | 3253 | 1

Саламаттыкты сактоо министрлиги оптимизациянын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун административдик жана финансылык жактарын бириктирет. Бул туурасында министр Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жол менен министрлик 10-12 млн сом үнөмдөшү мүмкүн. Мындай суммага борбор калаадагы бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринде да жок болгон кымбат баалуу аппаратты сатып алууга болот.

Быйыл “Ден соолук” программасы аягына чыгат. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги 2019-2030-жылга карата көп жылдык программа иштеп чыгат. Анын алкагындагы кадамдардын бири калкка биринчи жардамды сапаттуу көрсөтүү максатында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун финансылык жактан бириктирип, жумшалган каражатты үнөмдөө болуп саналат. Министр Космосбек Чолпонбаевдин билдиришинче, азыркы тапта Бишкек шаарындагы 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бириктирилет.

Оптимизациянын негизинде 10-12 млн сом үнөмдөлөт. Биз эсептеп чыктык. Эгерде ушул нерсени ишке ашыра алсак кан басымды эсептөөчү монитор алабыз. Мындай аппарат эч бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жок. Ушул аппарат үчүн бейтаптар жеке клиникаларга барып кымбат баага түшүшөт.

Ошондой эле, сатып алуулардан да көп каражатты пайдалуу колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Министр ишендирип өткөндөй, мындай жаңылануудан бейтаптар кыйынчылыкка учурабайт. Тескерисинче, дарыгерлер бир гана дарылоо милдетине өткөндүктөн жана үнөмдөлгөн акчадан аппараттар жаңыргандыктан, шарт жакшырат.

Бейтаптар тарабынан көп суроолор болуп келген. Буйруса, бул оптимизациянын негизинде жакшы жыйынтык болот. Бизде мүмкүнчүлүк бар, бирок каражатты туура пайдалануу абзел.

Азырынча оптимизациянын биринчи этабында финансылык бөлүмдөр гана бириктирилет. Чолпонбаевдин айтымында, башкы дарыгерлердин орун басарлары да кыскартылышы ыктымал. “Бирок дарыгерлер кыскарбай, мурдагы иш орундарында калат”,- дейт Биринчи май районунун бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун убактылуу директорунун милдетин аткаруучу Бактыгүл Исмаилова.

Азыркы этапта финансылык бөлүмдөр жана сатып алуулар бөлүмү бириктирилди. Бирок бул реформа дарыгерлерге тиешеси жок. Анткени министр айткандай, кайталанма кызматтар бар болгон. Ошолор кыскарат. Дарыларды сатып алууда да ар кандай баа менен келген болсо, эми бирдей болот.

Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев оптимизация дегенде кыскартуудан алыс болууга чакырат. Ал учурдагы ооруканаларда көп жылдан бери иштеген кызматкерлер жаңылыкты кабыл алуусу оор экенин белгилеп, жаңы реформаларды жасоодо тоскоолдуктар көп болорун айтат. Ошондуктан жарандарга баарын ачык түшүндүрүүнү сунуштайт.

Жаңылыкты элдин кабыл алуусу оор. Айрыкча отурукташып калган система менен иштегендер үчүн. Бирок алдыга жылуу керек. Ал үчүн элге так түшүндүрүү абзел. Эң негизгиси оптимизация деген кыскартуу эмес.

Саламаттыкты сактоо министрлиги белгилегендей, оптимизациянын алкагында кийинки этаптарда электрондук кызматтар да ишке кирет.

1 пикир

1 пикир

  1. Куба

    02.02.2021 13:33

    Үй бүлөлүк дарыгерлер тобу качан кыскартылат качан болот белгисиз жөн эле сөздү айтатта

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM