Биз менен байланышыңыз

Боронов: Кышында жайкы дөңгөлөк менен жүргөндөргө айып пул салуу керек

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 750 | 0

Кышында жайкы дөңгөлөк менен жүргөндөргө айып пул салуу керек. Мындай пикирин бүгүн, 22-октябрда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов күз-кыш мезгилине даярдык боюнча өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, Транспорт жана жолдор министрлиги жолдорду жакшы көзөмөлгө алууга тийиш. Эгерде кышкы дөңгөлөгү жок болсо, айдоочуга айып пул салуу керек. Анткени алар авариялык жагдайды пайда кылышат.

Ошондой эле, жакында ган алгачкы кар жааганда түндөсү жүк ташуучу унаалар токтотулган, күндүзү гана алардын жүрүшүнө уруксат берилген. Бирок унааларды токтотуп коюу менен маселе чечилбейт. Анткени күндүзү кайрадан ал көйгөй жаралат.

Copyright © 2017 Maral FM