Биз менен байланышыңыз

Нарын театры элчиликтин чакыруусу менен Ташкентте болду

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 842 | 0

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин демилгеси менен алгачкы жолу Нарын облустук М.Рыскулов атындагы драма театры Ташкент шаарына гастролдоп барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз артисттери Мукими театрынын сахнасында 16-18-октябрь аралыгында драматург Султан Раевдин “Ман” спектаклин, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынын негизиндеги спектаклди коюп беришти.

Көрүүчүлөр кыргыз артисттеринин чыгармачылыгын жогору баалап, жылуу кабыл алышты. Иш-чарага Өзбекстандын белгилүү коомдук ишмерлери, адабиятчылары, элчиликтин кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү да катышышты.

Copyright © 2017 Maral FM