Биз менен байланышыңыз

Бакыт Шаршембиевге карата кылмыш иши козголгон эмес

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 572 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 8 кылмыш ишине тиешеси бар деп айтылып жаткан Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев боюнча маалымат берди. Мекеменин маалыматында, тергөө башкармалыгында бир канча кылмыш иштери турат.

Бирок Бакыт Шаршембиев аларга күбө катары гана катыштыгы бар. Ошондой эле, ага тиешелүү козголгон эч бир кылмыш ишинин жоктугу айтылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Бакыт Шаршембиевдин 8 кылмыш ишине тиешеси бар деп айтып чыккан. Ал эми Шаршембиев өзү ал маалыматты четке кагып, парламентти сотко берем деп коркуткан.

Copyright © 2017 Maral FM