Connect with us

Маматназар Жакыпбаевдин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 751 | 0

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмүнө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси («Ден соолукка атайлап оор жаракат келтирүү») менен кылмыш иши козголуп, шектүү эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске салсак, 21-октябрда эки автоунаа кагышып, айдоочулар айтыша кетишкен. Айтышуу мушташууга чейин чоңоюп, Жакыпбаев башы менен жерге кулап түшүп мерт болгон.

Маматназар Жакыпбаев «Кыргызаэронавигация» ишканасында 5 жылдан бери иштеп келген. Анын артында 3 баласы калды. Кесиптештеринин айтымында, Жакыпбаев буга чейин эч ким менен мушташып, чыр-чатакка барган эмес.

Жакыпбаев 59 жашта эле.

1976 – 1981 — жылдары Санкт-Петербург шаарындагы Ленинград электротехникалык байланыш институтунда билим алган.

Эмгек жолу:

1981 – 1982 — жылдары Бишкек шаарындагы республикалык шаарлар аралык телефон станциясында инженер;

1982 – 1985 — жылдары Ош телеграф-телефон станциясында инженер, ага инженер, цехтин жетекчиси;

1985 – 1993 — жылдары Өзгөн райондук байланыш бөлүмүнүн жетекчиси;

1993 – 1995 — жылдары Кыргыз-америка «Актел» биргелешкен ишканасынын директору;

1995 – 1996 — жылдары «Кристалл» заводунун директор орун басары;

1996 – 1997 — жылдары Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары;

1997 – 1999 — жылдары КР президентинин администрациясында мамлекеттик кызмат жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн инспектору;

1999 – 2004 — жылдары Таш-Көмүр шаарынын мэри;

2004 – 2008 — жылдары «Кыргызстан аба жолдоу» ААКтын кеңешчиси, Ош филиалынын директору, финансы директору;

2008 – 2009 — жылдары «Ош Эйр» ЖЧКсында кеңешчи;

2009 – 2010 — жылдары Мамлекеттик каттоо кызматында долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кеңешчиси;

2010 – 2011 — «Ош Эйр» ЖЧКсынын башкы директору;

2011 – 2013 — жылдары «Кыргызстан» авиакомпаниясынын Дубайдагы башкы өкүлү;

2013 – 2018 — жылдары «Кыргыз Аэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары.

Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.

 

Copyright © 2017 Maral FM