Биз менен байланышыңыз

Ошто кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 20 Окт 2018 | 617 | 0

Ош шаарында Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчѳлѳрү кармалды. Эки шектүүнү 10 күндүн аралыгында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери колго түшүрүштү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сѳз кызматы билдирди.

Алардын бири — 1979-жылы туулган Ж.Н. Мурда түрдүү кылмыштар үчүн 5 жолу сот жоопкерчилигине тартылганы маалым болду. Ал 2018-жылдын 28-сентябрында Ош шаарында 34 жаштагы аялдын денесине залал келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен. Андан бери издѳѳдѳ жүргѳн болчу.

Кармалгандан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ош шаардык соту бир айга абакта кармоо тууралуу санкция чыгарды. Анын үстүнѳн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергѳѳ улантылууда.

Ал эми ушул жылдын 17-сентябрында саат таңкы 04:30 чамасында Оштогу «Шейх» кафесинин алдынан 20 жаштагы жергиликтүү тургунду белгисиз адам себепсиз сабап кеткен. Бул факты боюнча издѳѳ иштери жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1983-жылы туулган С.Ы. ѳзү жашаган үйдѳн кармалды. Анын жанынан чет ѳлкѳдө өндүрүлгѳн тапанча алынган.

Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Ал эми шектүү С.Ы. 2 айга камакка алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM