Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда саатты жылдыруу сунушталды

Кыска кабар | 20 Окт 2018 | 753 | 1

Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов парламентте саатты күзүндө бир саат артка, жазында алдыга жылдырууну сунуштап чыкты.

Айтымында, кышкысын айрыкча жаш балдарга кыйын болууда.

«Балдардын маанайы пас, кежирленип башташат. Эртең менен эрте турга албайт. Айрым мектептер 3 смен менен иштейт, сабактар 7 жарымда башталат. Окуучулардын уйкусу канбай, сабакка даяр эмес. Айдоочуларга да кыйын болду, жол кырсыктарынын себебинин бири ушул», -деди депутат.

Ал сунушун Илимдер академиясына жолдоду.

Эске салсак, 2005-жылга чейин Кыргызстан сезон менен саатты алдыга жана артка жылдырып келген.

1 пикир

1 пикир

  1. Алтыш

    17.11.2023 10:58

    Туура саатты жылдырса жакшы болмок,артка,астыга жылдырып эле чонойдук эле

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM