Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 19-октябрда саат 19:25те жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 6 баллга жеткен. Ош облусунда жер силкинүүнүн күчү 3 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.