Биз менен байланышыңыз

Кытайдын экономикасы алсыроодо

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 1176 | 0

Кытайдын экономикалык өсүүсүнүн көрсөткүчү төмөндөп бара жатат Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги өлкөнүн Улуттук статистикалык бюросунун билдирүүсүнө таянып билдирди.

Маалыматта 2018-жылдын үчүнчү кварталындагы Кытайдын экономикалык өсүүсүнүн көрсөткүчү мурунку жылдын ушул эле убагына караганда 6.5 пайызга өскөнү айтылат. Бирок адистер 6,6 пайыздык өсүүнү күтүп жатышкан. Бул 2009-жылы башталган экономикалык кризистен берки эң начар көрсөткүч. Ошондой эле АКШ менен болгон соода согушунун таасири да тийген.

Кытай өкмөтү соода согушунун айынан пайда болгон тоскоолдуктарды ашып өтүү механизмдерин иштеп чыгып, экономиканы колдоо максатында ички инвестицияны көбөйткөнү менен сырттан келген коркунучтун алдын алуу аракетинен дээрлик майнап чыга элек. Кытай юанынын долларга карата наркынын кескин түшүп кетүүсү абалды бир кыйла оордотуп койгон. Өлкөдө ИДПнын киши башына катышы 2009-жылдын биринчи кварталынан берки эң төмөнкү денгээлди көрсөтүүдө.

Эске сала кетсек, ушул жылдын башынан бери күч алган АКШ-Кытай соода согушу эки тараптын жүз милиарддаган товарларынын экспортунун жолун бууп, көптөгөн өндүрүш компанияларын банкротко учураткан. Бири-бирине атаандашуу менен жооп катары киргизген санкциялары жалпы элдин турмуш-тиричилигине таасир берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM