Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Кытайдан жолдорду кабыл алууга комиссия келди

Пикирлер | 19 Окт 2018 | 1016 | 0

Бүгүн Бишкекке Кытайдан оңдолуп жаткан жолдорду кабыл алууга чоң комиссия келди. Ал жерде көйгөйлөр көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалымтака ылайык, 2015-жылы Кытай 1 млрд юань грант берүү боюнча келишимге кол койгон. Кытайдын комиссиясы грантты, ошондой эле салынган жолдордун сапатын текшерип турат.

«Кытайлык компания жолдорго эки жылга кепилдик берет. Бузулса, кайра ондоп беришет. Ал эми жаңы курулган жолдордогу люктардын капкагы жеңил болгондуктан ыңгайсыздык жараткан. Азыр алар оор капкакка алмаштырылды. Мындан сырткары, мэр жолдорго асфальт болбосо да шагыл төшөө тапшырмасын берип жатат. Ошондой эле 4-5 жерде темир жолдун асты менен өтө турган жол салуу тапшырмасын алдык», — дейт Жанболотов.

Ал буга кошумча, оор жүк ташыган унааларды шаарга күндүз эмес түнкүсүн киргизүү маселеси карап жатканын белгиледи.

«Чектөө киргизүү зарыл. Болбосо асфальт ээрип турганда оор жүк ташуучу унаалар жолду бузуп жатат. Мындан сырткары базарлардын айланасындагы жолдор боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатат. Долбоор ишке ашса көчөлөрдө унаа тыгындары азаят»,-дейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM