Биз менен байланышыңыз

Таластагы «Элечек апа» жөнүндө билесизби?

Коом , Портрет | 19 Окт 2018 | 31400 | 0

Таластагы “Манас ордо” комплексине киргенде эле элечегин көйкөлтүп, жылуу сөз, жылмаюу менен “Элечек” апа тосуп алат. Анын сөзүн, нурдуу жүзүн көрүп жөн гана өтүп кете албайсың. 36 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, туризмге салым кошуп келе жаткан апанын чыныгы атын көпчүлүк биле бербейт. Бирок “Элечек апа” десе баары тааныйт. Айрыкча жаңы үйлөнүп жаткан жаш жубайлар ага жолугуп, батасын алмайынча кетишпейт.

Аты жөнүм “Элечек апа” (күлүп). Өзүмдүн атымды эч ким деле билбейт. Буга өзүм да көнүп калгам. Мага келгендер ырымдап камчы, бешик алып кетишет. Жаш жубайлар бата алышат.

Эл арасында “Элечек апа” деп таанылган 70 жаштагы Тинатин апа 36 жылдан бери кол өнөрчүлүгү менен оокат кылып келет. “Манас ордо”  комплексинде улуттук буюм-тайымдарды саткан канча боз үй болсо, алардын эң алгачкысын Тинатин апа ачкан.

Бул жерде иштегениме 36 жыл болду. Тойлор көп боло баштагандыктан, кардар тартуу ыкмабыз да өзгөрдү. Башында кичинекей сувенирлерди, камчы, бешик алып жүрүшсө, барган сайын ыкмалар өзгөрдү. Азыр колунда бары да, жогу да той берип калды. Эң негизгиси ошол түгөйлөр бактылуу болсо экен. Ата-энеси төгүлүп-чачылып той берет. Тойлор көп болуп жаткандай эле биз кол өнөрчүлөр да ар кандай ыкма менен иштей баштадык. Түгөйлөрдү өзүнчө салтанат менен тосуп алабыз.

Тинатин апаны өзгөчөлөнткөн анын кийген элечеги жана келген конокторду тосуп алганы. Алыстан ак элечеги көрүнгөн апа башынан элечегин түшүрбөйт.

Апам элечек тигет эле. Мен аны кийип алып сатар элем. Ал учурда бир элечек бир койдун баасы менен барабар болчу. Апам көзү өткөндөн кийин ал өнөр калып калды. Башында мен топу тиктим. Базарга алып чыгып 20 сомдон сатчумун. Анан кийин кайра апамдын өнөрүн улап, элечек тиге баштадым. Мурун апам элечек тиккенде мен кийип алып, көргөзүп жүрүп, башым ошол элечек кийгенге көнүп калган экен. Азыркы күнгө чейин элечек башымдан түшпөйт.

Тинатин апанын үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары кол өнөрчү. Кызы Таттыбүбү мындай өнөр таятасынан калганын айтат.  Учурда ал да өзгөчөлөнгөн ыкмалар менен кардарларды, туристтерди тартып келет.

Биз келген түгөйлөрдү өзгөчө салтанат менен тосуп алабыз. Бул кыргыздын каада салты. Ошону менен катар, биз өзүбүз да ар кандай методдорду ойлоп тапканбыз. Киргенде жигитке камчы беребиз. “Уулдуу болсоң уулуң ат үстүндө чоңойсун” деп айтабыз. Анан бул жерде 100 бешик илинип турат. Ар бир бешиктин ичине белги коюлган. Кыз болсо мончок, уул болсо камчы же, калпак болот. 100 бешиктин ичинде эки эгиз да коюлган. Боз үйгө кирген келин бешиктердин бирине колун тийгизет. Бул бала ээрчитип келсин деген тилек. Бешиктердин ичине 60 бала, 40 кыз салабыз. Аны жолдош кызы жакшы ниет менен ырымдап белек кылып тапшырат. Анан ак куу тапшырабыз. Ак куу бергенибиздин себеби, ак куулар жакшы жуп болушат экен. Өмүр бою бирге өтөт. Эгерде түгөйү өлүп калса, бийикке учуп барып, өзүнүн боюн таштайт экен. Биз да ошол ниетте түгөйлөр өмүр бою бирге жашасын деген тилек менен беребиз. Бул идея апама таандык. Эң негизгиси эки жаш бактылуу болушса экен деп самайбыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган. “Элечек” апа да өзүнүн өзгөчөлөнгөн ыкмасы, меймандостугу менен туристтерди, жергиликтүү зыяратчыларды тартып, туризмге салым кошсом дейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM