Биз менен байланышыңыз

“Жаракаттуу апта”: футболчуларды талаадан “кууган” жаракаттар

Кыска кабар , Спорт | 18 Окт 2018 | 1166 | 0

Клубдук беттештер эки аптага токтоп, өлкөлөрүнүн курама командаларында ойноп кайткан футболчулар үчүн бул апта “жугуштуу” жаракаттарга бай болду. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Курамада ойногон бир топ футболчулар клубдарына жаракаттары менен кайтып барышты. Эң көп жабырлангандар Англиянын “Ливерпуль” клубуна таандык. Тактап айтканда, египеттик футбол жылдызы Мухаммед Салах Свазиленд менен болгон беттеште бурчтан тээп киргизген керемет голунун айынан оюн талаасын таштап чыгып кетти. Буга тарамышын ооруксунтуп алганы себеп болду. Кызыгы, беттеште Салахтын ордуна чыгарууга эч ким жок болуп, Египет курамасы азчылыкта оюнду жыйынтыктады.

Гвинеялык футболчу Наби Кейта дагы Руандага каршы оюнда булчуң чоюлуусунан улам баса албай, оюндан чыгарылды. Ливерпулдагы клиникада байкоодон өткөн Кейта азырынча оюнга чыгар-чыкпасы белгисиз.

Мындан сырткары, нидерландиялык коргоочу Ван Дейк сентябрда алган жараатынан кийин эки кабыргасы сынып, акыркы жолу курама үчүн ойногон беттеште сынык кабыргалары менен жүргөн.

Ошондой эле Садио Мане, Томас Вермален, Кевин Трапп, Мехмет Топал жана Александр Ерохин сыяктуу оюнчулар алган жаракаттарынан улам оюнга чыга алышпайт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM