Биз менен байланышыңыз

АКШнын мамкатчысы Майк Помпео Түркияга келип кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 908 | 0

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сауд Аравиясына болгон сапарын улай Анкарага да келип кетти. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Дайынсыз жоголгон журналист Жамал Хашокжинин (түркчө Кашыкчы) жайын тактоо максатында Помпео алгач Сауд Аравиясына иш сапары менен барган. Ал жерде Сауд бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин Түркияга барды.

Түркияда президент Режеп Тайип Эрдоган жана Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Журналисттин жоголуусу боюнча биргеликте иш алып барууга макулдашкан тараптар алгачкы изилдөөлөрдү жасашты.

15-октябрда Саудиянын Стамбул шаарындагы элчилигин иликтөөгө алган түрк полициясынан кийин, Сауд өлкөсүнөн келген изилдөөчүлөр тобу 9 саат бою жүргүзгөн тинтүү ишинен соң 18-октябрдын таңында элчиликтен чыгышты.

Эске сала кетсек, 2-октябрда элчиликке кирген бойдон дайынсыз жоголгон журналисттин өлүмүнө түрк полициясы саудиялык атайын кызматты күнөөлөөдө. Алардын айтымында журналист элчиликте уруп өлтүрүлгөндөн кийин аны жиликтеп сыртка алып чыгып кетишкен.

Бирок Сауд Аравиясы бул айыпты кескин түрдө четке кагып, эгер Саудия тараптан күнөөлүү аныкталса, анын кызматына жана мартабасына карабастан жазалаарын убада кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM