Биз менен байланышыңыз

Президент Азербайжандын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 552 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Эки өлкө лидерлери 3-сентябрда Ысык-Көлдө жолугушкан. Анда Жээнбеков Кыргызстан ишенимге жана урматтого негизделген бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берерин, достук мамиледеги өлкөлөр менен ачык жана мазмундуу маектешүүгө даяр экендигин билдирген.

Илхам Алиев Кыргызстандын бүт дүйнөнү кызыктырган уникалдуу жаратылышы бар экенин айтып, саясий, экономикалык кызматташтыкты арттыруу, ошондой эле транспорттук чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM