Биз менен байланышыңыз

Депутат: Өзбекстан Кыргызстандын картошкасын киргизбей жатат

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 638 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Өзбекстан кыргыз фермерлеринин картошкасын өлкөгө киргизе турганын убадалап, бирок иш жүзүндө аткарылбай жатканын билдирди.

Анын айтымында, азыр дыйкандар картошканын килограммын 5 сомдон да сата албай жатат.

Өткөн жылы Өзбекстан менен картошка сатып алуу боюнча келишимге кол коюлган. Бирок коңшу мамлекет картошканы киргизүүгө тыюу салганы август айында маалым болгон.

Айыл чарба министрлигине караштуу Фитосанитардык жана карантиндик департаменттин жетекчисинин орун басары Болот Жуманалиев Өзбекстан мындай чечимди бир тараптуу кабыл алганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM