Биз менен байланышыңыз

Цукерберг Facebookтун жетекчилигинен кетиши мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 905 | 0

Facebook социалдык кызматынын негиздөөчүсү Марк Цукербергди компаниянын башкаруучулар кеңешинин төрагалыгынан кетирүү демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Акыркы кездерде колдонуучулардын маалымат коопсуздугунун бузулуусу тууралуу бир нече жолу чыккан чуудан кийин компаниянын башка акционерлери Цукербергди төрагалыктан кетүүсү керектигин билдирип чыгышкан. Мындай суроо-талапты алар Пенсильваниядагы, Род-Айленддеги жана Иллинойстагы башкы казыначылыктарына жиберишкен. Ошондой эле суроо-талап менен Нью-Йорктогу пенсиялык фонддун ревизору Сток Стрингерге да кайрылышкан. Талап бардык инстанцияларда кабыл алынды. Эми ишиндеги чийкиликтер үчүн инвесторлор аны ээлеген ордунан түшүрүүсү мүмкүн.

Бирок Wall Street Journal басылмасынын жазганы боюнча, атактуу жаш ишкер бул иште жеңип чыгуусу да ыктымал. Анткени ал башка инвесторлорго караганда компаниянын баалуу кагаздарын соодалоодо көп киреше алып келген жана добуштарда 59 пайыздык үстөмдүккө ээ.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM