Биз менен байланышыңыз

АКШ талаштуу Түштүк Кытай деңизине учагын кое берди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 1809 | 0

АКШ US B-52 согуштук эки учагын талаштуу Түштүк Кытай деңизиндеги аралдардын үстүнөн учурду. Бул тууралуу Американын эң чоң аба күчү болгон “Тынч Океан аба күчтөрү” маалымдады.

Түштүк Кытай деңизи алты Чыгыш өлкөсүнүн ортосунда талашка түшкөн аймак болуп саналат. Бул талаш Кытай, Бруней, Тайван, Филлипин, Малайзия жана Вьетнамды камтыйт. Кытай бийлиги калган беш мамлекеттен айырмаланып аталган деңизди Кытайга таандык деп эскертип, жадагалса деңиздин ортосунда жасалма арал куруп, анда ири аскердик базасын түзүүдө. Согуштук кемелер, учактар жана оор курал-жарактар жайгашууда.

АКШ бийлиги болсо деңизди да, аба майданын да эл аралык деп таанып, ал жерден өзүнүн согуштук учактарын жана кемелерин машыгуу турларына чыгарууда. Натыйжада аймакта абдан кооптуу тирешүү маанайы жаралууда.

Пентагондон билдиришкендей, Америка аскер күчтөрү башкалардын укугун тебелебестен, эл аралык мыйзам боюнча өз укугун эркин пайдаланууга аракет кылат жана башкаларды да буга үндөйт. Агрессивдүү кадамдарга барбасын билдирген АКШ, тараптардын коопсуздун сактаарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, өткөн айдын аягында аталган деңизде АКШ менен Кытайдын согуштук чалгын кемелери бири-бирин аймактан чыгарууга аракет кылып, сес көрсөтүп жатып авариялык абалга жакындашкан болчу. Ал окуяга тараптар бири-бирин күнөөлөө менен чектелип, жагдай ачыкталган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM