Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Кытай Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 749 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кытай коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий партиясынын мүчөсү, Жалпы кытай эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Ван Чэнь менен жолугушту.

Анда Өмүрбекова Кыргызстан үчүн Кытай кең пейил кошуна, маанилүү жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Кытай тарап Кыргызстанга достук мамилеси жана ар дайымкы колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, туризм тармагында кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуу Пекин шаарында өтүп жаткан бешинчи маданий «Тайху»  форумуна  кыргыз делегациясынын катышуусунун алкагында болуп өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM