Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Көп кабаттуу үйлөрдүн газ түтүктөрүн курулуш компаниясы тартып берет

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 644 | 0

Эреже боюнча жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн газ түтүктөрүн курулушту жүргүзүп жаткан компания тартып берет. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетектөөчү адиси Адилет Жумабеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Газпром Кыргызстан» компаниясы жүргүзүп жаткан инвестициялык программанын алкагында көп кабатуу үйлөргө газ түтүгүн тартып бербейт. Маалым болгондой, турак жай куруп жаткан компания газ эсептегичтерди да өзү сатып алып орнотуп бериши керек.

«Курулуш компаниясы газ түтүктөрүн толук орнотуп бүткөн соң биздин ишканага кайрылат. Биздин адистерди куурларды текшерип газды бере баштайбыз», — дейт Жумабеков.

Ал белгилегендей, газды 9 кабатка чейин тамак-аш жасоо максатында колдонуу уруксат берилет.

«Атайын программанын алкагында 18 кабатка чейинки үйлөрдү карап чыгып, техникалык шарттарды даярдап беребиз. Анын негизинде көп кабаттуу курулуштарды куруп жаткан компаниялар газды тамак-аш пайдалануу макстатында колдонсо болот», — дейт адис.

Жумабеков буга кошумча, учурда жылуулук үчүн дагы газ түтүктөрүн орнотуу макулдашылып жатканын айтып, бул тууралуу кийинчерээк так маалымат берилерин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM