Биз менен байланышыңыз

1 метр газ түтүгүн тартуу 1500 сомдон 600 сомго төмөндөтүлдү

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Окт 2018 | 730 | 0

«Газпром Кыргызстан» компаниясы инвестициялык акчаны максималдуу түрдө элге жеткирүү үчүн мүмкүнчүлүк болгон жерлерге түтүктөрдү тартып жатат.  Бул тууралуу аталган мекеменин жетектөөчү адиси Адилет Жумабеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициясы боюнча ишкана газ түтүктөрүн жаңы конуштарга жеткирип гана берет. Бирок өкмөттүн сунушуна ылайык газ куурлары конуштардын айылдарынын ичине да салынып берилүүдө.

Буга чейин 1 метр газ түтүгүн тартуу 1500 сомду түзсө, азыр бул баа 600 сомго төмөндөтүлгөн. Мындан сырткары Бишкек-Кант-Токмок жаңы газ түтүгү салынууда.

«Газпром Кыргызстан» ишканасы келген соң 1 миң куб газды 150 доллар менен сатылып алынат. Бул чоң жеңилдик. Себеби буга чейин 1 миң куб газды 260 доллардан алчу. Өлкө аймагын газдаштыруу боюнча 2015-жылы түзүлгөн схема элдин кайрылууларына жараша кайра жаңыртылды. Ага ылайык, ВоенноАнтоновкага, Новопавловкага да газ түтүктөрү кирет. Мындан сырткары башкы схемага киргизилген өзгөрүүлөрдүн  алкагында Нарын, Чүй облусу да тастыкталып чыкты», — Жумабеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM