Биз менен байланышыңыз

“Кыргызстан” фракциясы социалдык өнүктүрүү министри кызматына талапкер көрсөтөт

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 655 | 0

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына “Кыргызстан” фракциясы 3 же андан ашык талапкер көрсөтөт. Бул тууралуу аталган фракциянын мүчөсү Алмазбек Токторов “Маралга” билдирди.

Эл өкүлү азырынча талапкерлердин атын атаган жок. Себеби фракция акыркы чечимди 19-октябрда жыйынга чогулуп кабыл алат.

Белгилей кетсек, 17-октябрда Каныбек Абдиев Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал мекеменин статс-катчысы болуп иштеп келген.

Буга чейинки министр Таалайкүл Исакунова жана анын орун басарлары иштен алынган.

Аталган министрликтеги башаламандык тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева маселе көтөргөн. Ал министр жана анын орун басарлары чет өлкөгө болгон иш сапарларында дипломатиялык паспортту мыйзамыз колдонушканын айтып чыккан. Кийин бул фаткыларды Башкы прокуратура тастыктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM