Connect with us

Твиттер орусиялык жана ирандык “фейк” акаунттарды ачыктады

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 716 | 0

Твиттер социалдык кызматы “беткапчан” акаунттардан келген 10 миллионго жакын маалыматты ачыкка чыгарды. Бул тууралуу аталган кызматтын өкүлдөрү Вижая Гадде менен Жоэл Рот массалык маалымат каражаттарына билдиришти.

Аталган аккаунттар жашыруун ат менен эл аралык маанидеги козутуучу, чагымчыл маалыматтарды таратып турушкан. “Фейктердин” бетин ачуу операциясына 2013-2018-жылдар арасындагы твиттер бутага алынган. Ачыкка чыккан мындай твиттердин дээрлик 9 миллиону орусиялык хакердик топко тиешелүү деп айтылды. Аталган твиттер Орусия бийлигин мактаган, Украинадагы жана Крымдагы орус согушкерлерин даңазалаган мааниде болуп, АКШ саясатын, Петр Порошенконун бийлигин, Обаманы жана орусиялык оппозиционер Навальныйды жектеген маанайды билдирген.

Кошумчалай кетсек, Твиттер социалдык кызматы АКШ сенаты менен өнөктөш болуп, алардын кызыкчылыгына дал келген иш-аракеттерди да алып барат. Аталган операция дал ошол америкалык парламенттин мүдөөсү болушу мүмкүн экенин айтышат адистер.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM