Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Электр жарыгы үзгүлтүккө учурады

Коом | 17 Окт 2018 | 1012 | 0

Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, өлкөнүн жер-жерлеринде кар жаады. Ысык-Көл облусуна  да 10 смге жакын суу кар түшүп, абанын табы -1…-6 градуска чейин төмөн болоору күтүлүүдө.

Ысык-Көл облусунда жааган кардан улам,  электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Анын ичинен Каракол шаарындагы 10го жакын кичи аймактарында электр жарыгы жок, мекеме ишканаларга ,билим берүү тармагына түйшүк алып келди. Анын катарында № 6 бала бакча да бар. Ал жакта бардык шарттар өз убагында аткарылганы менен 280 баладан, 65и гана келгендигин мекеменин директору Назгүл Саламатова билдирди.

Эртеӊ менен келсек бала бакчада жарык жок экен. Иштеген кызматкерлер дароо эле мешти жагышып, балдарга тамак аш даярдашып кадимкидей эле иш күн уланды. Эртен менен күн суук болгондуктан коомдук транспорт жакшы жүрбөй унаасы барлар балдарын алып келишти. Унаасы жоктор үйдө болуп турарын эскертишип, болгону 65 бала келди. Электр жарыгы өчкөн күндө да бизде контрамаркага от жагып бөлмөлөрдү жылытабыз.

Мындай жагдайдан улам, балдарын мектепке, бала бакчага жөнөтпөгөн ата-энелердин зээни кейип, «Чыгыш Электр» ААК коомунун кызматкердерине ар кандай нааразычылык билдирүүдө. Анткени кайсы күнү шамал болуп, кар же жаан жааган учурда электр жарыгынын үзгүлтүккө учуроосу адатка айланып баратат. Айрыкча кышка камылга көрбөгөндөр мындай суукта алапайын таппай жаткандарын төмөндөгүдөй пикирлерден байкоого болот.

-Бакиев (экс-президент Курманбек Бакиев) айткандай көлөч же тезек жагабыз. Айла кеткенинен балдардын жарабаган бут кийимдерин жагып бүттүк. Свет бат-баттан өчүп ушундай шалтурук болуп жатат.

-Кар жаайт, жарык өчөт. Жаан жаайт жарык өчөт. Бүгүнкү күндө Каракол шаарындагы бир нече көчөдө электр жарыгы жок канчалаган ата-эне кенедей балдары менен үйүндө  отурушат. Буга мамлекетибиз кандай карайт билбейм.

-Кар 17-октярбда түнү менен жаады эле, эртеӊ менен жарык өчтү. Электриктер жайлата эмне кылып жатышты? Буга чейин жакшы так иштесе болот эле да.

-Түп районунун Тогузбай, Тасма деген айылдарында свет жок. Шамаал болсо эле күндө өчүп күйүп атат.

Электр жарыгына болгон мындай нааразычылык жеке эле Каракол шаарында эмес. Анткени авариялык абал облустун бардык район шаарларында катталган. Расмий маалымат боюнча кар жааган күнү 13 айыл аймакта жарык үзгүлтүккө учурап, калктын жарым жартылайында жарык жок болду. Бирок, оӊдоп түзөө иштерин бүткөрүү үчүн РЭСке тиешелүү  эмгек бригадалары тартылгандыгын «Чыгыш электр» ААК басма сөз катчысынын милдетин аткаруучусу Элдияр Макетаев билдирди.

-Ысык-Көл облусу боюнча 110-10, 110-35 тик аба чубалгыла аварияга учураган. Линиялардын көпчүлүгү бактын бутактары жыгылгандыгынан келип чыкты. Өчүрүүлөрдүн бардыгы кубаттуулуктун азыдыгынан эмес. Бак- дарактардын жалбырактары түшө электигине байланыштуу суу карды көтөрө албай шактары кулап жатты. Бригада жамааттары  чыгып эртеден кечке чейин иштешти.

Мындай абалды эске алган өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү базарларда сатылган көмүрдүн бааларын бир калыпта сактап, калкка жеткирүү жагы көзөмөлгө алынгандыгын кабарлашат. Андан сырткары аймактагы бардык меке ишканаларды, билим берүү тармагына жылуулук бериле баштаганын ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басаары Дамир Моӊолдоров белгиледи.

-Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк тиешелүү буйрукка кол коюп, бардык жерде жылуулук системаларын ишке киргизүүнү тапшырма берилди. Айрыкча жылуулук чарбачылыгынын бардыгын теӊ 17-октябрдан баштап от жагуу режимине киргизип жатабыз. Андан сырткары айыл өкмөт башчыларга, акимдерге, шаардын мэрлерине көмүр сатуучу жерлерде көмүрдүн топтолушу сатылышы, ташылып келиниши маалымат алууну да тапшырдык, деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM