Биз менен байланышыңыз

18-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 561 | 0

18-октябрда түнкүсүн Ысык-Көлдө кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарына туман түшөт. Тоолуу жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7 градус жылуу;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8 градус жылуу;

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -1…-3, күндүз +3…+5.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM