Биз менен байланышыңыз

Түрк тилдүү мамлекеттердин экономика министрлери жолугушат

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 666 | 0

Бишкекте 17-октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин экономика министрлеринин 8-жолугушуусу болот. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анда Азербайжан, Казакстан, Түркия, Венгрия жана Түрк кеңешинин катчылыктарынын өкүлдөрү катышат.

Бул жолугушуу жыл сайын өткөрүлүп келет. Анын алкагында инвестицияны арттыруу, экономиканы өнүктүрүү, соода-сатыкты жана ишкердикти жакшыртуу маселелери каралат.

 

Copyright © 2017 Maral FM