Биз менен байланышыңыз

Өткүр Асхат уулу дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль алды

Кыска кабар | 16 Окт 2018 | 1047 | 0

Кыргыз спортчусу Өткүр Асхат уулу Анталияда өткөн армрестлинг боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалга татыды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Ал 18-21 жаш курактагы 50 кг салмакка чейинки  категорияда сол кол менен күрөшкөн. Өткүр Асхат уулу чечүүчү беттеште казакстандык спортчу Дархан Жуссип менен күч сынашып, аны жеңип күмүш медалга татыктуу болду.

Кошумчалай кетсек, бул дүйнөлүк чемпионатка 54 өлкөдөн 1203 спортчу катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM