Биз менен байланышыңыз

Хашокжинин өлүмү Саудияга каршы санкцияларды алып келеби?

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2018 | 737 | 0

Сауд Аравиясынын Тышкы иштер мининстрлиги аларга каршы коюлчу ар кандай санкцияларга катуу жооп берерин билдирди. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы кабарлады.

Washington Post гезитинин журналисти саудиялык бозгун Жамал Хашокжинин дайынсыз жоголуусу Падышачылыкты ыңгайсыз абалда калтырууда. Түрк полициясы атактуу журналисттин Саудия бийлиги тарабынан өлтүрүлгөнүн маалымдаган соң, бир катар батыш өлкөлөрү аларга сыртын салды. АКШ парламенти президент Дональд Трамптан журналисттин ишин көзөмөлгө алып, 120 күндүн ичинде жыйынтыгын ачыктоосун талап кылды. Трамп эгер бул кылмыштын артында Сауд Аравиясы болсо, өнөктөш экендигине карабай катуу “жазалай тургандыгын” эскертти.

Ал эми Улуу Британиянын бийлиги санкция киргизүүчү саудиялык чиновниктердин тизмесин түзүп жатканын билдирди.

Саудиялык журналисттин жоголуусу боюнча жаңы жагдай пайда болду

Бир нече ири компаниялар жана ЖМК өкүлдөрү үстүбүздөгү айда Сауд Аравиясында өтүүчү Future Invesment Initiative масштабдуу бизнес форумуна катышуудан баш тартып, бойкот жарыялашты.

Бирок Сауд падышалыгы өздөрүнө тагылып жаткан бардык айыптарды кескин четке какты.

Эске сала кетсек, 2-октябрь күнү белгилүү журналист Жамал Хашокжи Стамбул шаарындагы Сауд Аравиясынын элчилигине кирген бойдон кабарсыз жок болуп кеткен. Жакындары, бир топ ЖМК жана түрк коопсуздук кызматы анын элчиликте өлтүрүлгөнүн айтып ишендиришүүдө. Аталган журналист жоголгон күнү Аравиядан келген белгисиз 9 киши элчиликке келип, кайра учуп кетишкен. Алардын келүүсүн журналисттин жоголуусуна байланыштырууда.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM