Биз менен байланышыңыз

ШКУ: Соода-экономикалык алакага маани берилди

Экономика | 13 Окт 2018 | 1216 | 0

12-октябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары саммитке чогулуп, соода-экономикалык, гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Дүйшөмбү шаарында  өткөн саммиттин негизги темасы соода-экономикалык, гуманитардык кызматташууга арналды. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары ар бири бул багыттын учурдагы абалы, келечеги, аны өнүктүрүүнүн жолдорун сунушташты. Саммитке төрагалык кылган Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода өлкөдөгү энергетиканын, суу ресурстарынын потенциалын санап, ШКУ алкагында соода-экономикалык кызматташуу документин жаңылоону сунуштады.

Ошондой эле, уюмдун транзиттик мүмкүнчүлүгүн колдонууну, ал максатта эл аралык автоунаа, аба каттамдарын жандантуу зарылдыгын айтты. Муну менен катар, Кытай-Кыргызстан-Ооганстан-Өзбекстан-Иран беш тараптуу темир жолун куруу зарылдыгын белгиледи. Расулзода гуманитардык маселелердин ичинен маанилүүсү катары, Ооганстандагы тынчтык келишимин түзүү, анда жашаган калктын жашоосун жакшыртууга токтолду.

Ооганстанда тынчтык процессин киргизүү Борбордук жана Түштүк Азиядагы, ошондой эле башка коңшу мамлекеттердеги туруктуулуктун, коопсуздуктун маанилүү фактору болуп эсептелет. Себеби Ооганстандагы кырдаал учурда оор бойдон калууда. Аны чечүүнүн аракеттери жыйынтык бербей жатат. Бул маселени чечүү уюмдун негизги багыттарыны бири болуп калышы керек. ШКУга мүчө мамлекеттер 2025-жылга чейин ар тараптуу кызыкчылыктарды көздөгөн документтерди ишке ашыруубуз кажет.

Соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча сунуштарды колдоп Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев, ШКУ алкагында экономикалык кызматташууну өнүктүрүүнүн бир нече багытын сунуштайт.

Пакистан менен Индиянын экономикалык мүмкүнчүлүгүн колдонуу, электрондук соода жүргүзүү, мындан тышкары, товарларды өткөрүүнүн жолун жөнөкөйлөштүрүү, транзиттик мүмкүнчүлүктү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны куруу, улуттук валютаны колдонууну жайылтуу багыттарын маанилүү деп санайбыз. Эң биринчи буга чейинки кабыл алынган келишимдерди жүзөгө ашыруу керек.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөр Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөш болуп эсептелет. Жалпы соода жүгүртүүнүн көлөмү 73 пайызды түзсө, анын ичинде экспорт 54, импорт 79 пайызды түзөт. Ошондуктан Кыргызстан уюмдун эл аралык аренада аброюн көтөрүүдө активдүү роль ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев айтып, Кыргызстанда ШКУнун банкын ачууну сунуштады.

Жыйындын күн тартибиндеги маселелери алда канча актуалдуу. Соода экономикалык, транспорттук-коммуникациялык, долбоор-инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү, ШКУнун 2025-жылга чейинки стратегиясынын негизги багыты болушу керек. Аны ишке ашыруудагы негизги ролду Ишкер кеңеши жана банктар аралык биримдик ойнойт. Ишкер кеңешине бизнес чөйрөсүн да  тартуу зарыл. Бул максатта бизнес форум өткөрүү, Кыргызстандын аймагында ШКУ банкын түзүү туура чечим.

ШКУга мүчө мамлекеттердин ичинен Орусия да коопсуздук маселесин козгоп, өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Ооганстандагы кырдаалга токтолду.

Бүгүнкү күндө стратегиялык туруктуулук системасы чоң сыноого туш болду, мындай учурда өзүнчө мааниге ээ болууну каалаган мамлекеттер зыяндуу атаандаштыкты өнүктүрүшүүдө. Бир тараптуу санкциялар, жада калса саясий коркутууларга чейин барышууда. Негизги басым Орусия, Кытай, Иранга жасалууда. Эң курч көйгөй менен Ооганстан күрөшүп жатат. Биз бул өлкөдө тынчтык орноосун колдойбуз.  

2003-жылы кабыл алынган документте көрсөтүлгөндөй, кызматташтыктын негизги багыттары – энергетика, транспорт, телекоммуникация, айыл чарбасы, туризм, насыя банк тармагы, суу чарбасы жана жаратылышты коргоо, ошондой эле чакан жана орто бизнес субъектилери менен түз байланыш түзүү маселелери бар. Ошентип Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Дүйшөмбү шаарында өткөн саммити жыйынтыкталды. Анын алкагында соода-экономикалык, гуманитардык багыттагы документтерге кол коюлду. Эми кийинки саммитти өткөрүү кезеги Өзбекстанга берилди.

Айта кетсек, Шанхай кызматташтык уюму Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын өлкө башчылары тарабынан 2001-жылы негизделген.

Кошумчалай кетсек,  бул саммиттин алкагында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, андан соң Кытайдын өкмөт башчысы Ли Кецян менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM