Биз менен байланышыңыз

Вице-премьер-министр «хрусталь» сөөктүү Гүлмайрам менен жолукту

Кыска кабар | 13 Окт 2018 | 782 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 1-топтогу майып жана сейрек оору – сөөктөрдүн жогорку морттугунан жабыркаган Алимбай кызы Гүлмайрамдын үй-бүлөсүнөн кабар алды.

Алимбай кызы Гүлмайрамдын айтымында, дарыгерлер аларга балалуу болбоону сунушташкан, себеби мындай сейрек оору ымыркайдын саламаттыгына да таасир бериши мүмкүн эле.

Бардык кооптонууларга карабастан, Гүлмайрам менен Максат жакында жаш ата-эне болушту. Анын жолдошу Максат Исхаков дагы экинчи топтогу майып болуп саналат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова аларды бул кубанычтуу окуя менен куттуктап, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан салам айтты.

Ал калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынын бири болуп саналарын белгилеп, өкмөт бул багыттагы ишмердигин улантаарына ишендирип кетти.

Алимбай кызы Гүлмайрам кызынын үй-бүлөсүнө колдоо сөздөрүн айтуу менен вице-премьер-министр аларга өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөттү.

Мындан тышкары Бишкек шаардык Ленин районунун мамлекеттик администрациясына социалдык жөлөк пулдарды өз убагында төлөөнү өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле эне жана баланы тийиштүү медициналык камсыздоодо жардам көрсөтүү тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM