Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Казакстанга карата тоок эттери боюнча чектөөнү алып салды

Кыска кабар | 13 Окт 2018 | 1165 | 0

Кыргызстан тоок эттерин Казакстан алып келүү боюнча чектөөнү алып салды. Бул туурасында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чектөөлөр Казакстан тараптан жүргүзүлгөн иштерге байланыштуу алынып салынды. Аталган мекеме мурда аталган аймактардагы эпизоотикалык абал стабилдүү экенин маалымдады.

Эске салсак, 8-октябрда тоок эттерин алып кирүүгө убактылуу тыюу салынган. Казакстандын Айыл чарба министрлиги бул кадамды мыйзамсыз деп эсептеп, 12-октябрда Кыргызстандан эт алып кирүүгө чектөө киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM