Биз менен байланышыңыз

Жарандыгы жок кишилерге күбөлүк берүү сунушталып жатат

Кыска кабар | 13 Окт 2018 | 957 | 0

Жарандыгы жок кишилерге өзүн күбөлөндүргөн кагаз берүү сунушталып жатат. Мындай сунушту Юстиция министрлиги алып чыкты. Тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу коомдук талкууга коюлду.

Документте мыйзамга ушул категориядагы тургундарга алардын статусун көрсөткөн күбөлүк берүү бөлүгүн кошуу каралган. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2017-жылы 6,6 миңден ашык кишинин документи жок экени аныкталган. 1 миң 774дө СССРдин 1974-жылдагы үлгүсүндөгү паспорту, 4 миң 795 өз убагында Кыргызстандын жарандыгын ала алаган эмес, ал эми 112 кишинин КМШ өлкөлөрүнүн бириндеги жарандыгынын мөөнөтү аяктап калганы айтылат.

“2009-жылдан 2017-жылга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын территориалдык бөлүмдөрүнөн 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспорту бар 78 миңден ашык  киши кайрадан документтештирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, жарандыгы жок кишилерге статус берүү өкмөт тарабынан белгиленет .

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM